"Санарип Инсан" долбоорунун алкагында жаштар жана кыз-келиндерге арналган окутуулар жыйынтыкталды. Бул туурасында "Кыргыз интернет коому" (ISOC) коомдук бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, өткөн жылдын ноябрь айында өлкөнүн айыл аймактарындагы жаштар жана кыз-келиндерге санариптик көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган окутуулар башталган.
Аталган долбоордун акыркы тренинги 23-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Бердиев, "Кыргыз интернет коому" коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов жана “She starts” айымдар арасында ишкерликти өнүктүрүү фондунун жетекчиси Айзада Юсупова катышып, санарип көндүмдөрдүн актуалдуулугу тууралуу өз пикирлерин бөлүштү.
"Окутуулар өлкөбүздүн 10 аймагында өткөрүлүп, анда 200дөн ашык жаштар, кыз-келиндер негизги санариптик көндүмдөрүн практикалык негизде жогорулата алышты. Долбоор эми "Санарип ишкердик" жана "Электрондук коммерция" багытында уланып, бүт өлкөнү камтыйт", - деп жазылат маалыматта.