Клара Сооронкулова 20-апрелге чейин камакта калтырылды

Клара Сооронкулова 2023-жылдын 20-апрелине чейин СИЗОго камалды. Мындай чечимди бүгүн, 17-февралда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Клара Сооронкулова 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ekb92
2023-02-18 00:50:00
Чынын айтсам бул эже бизде мугалим болуп сабак берди эле, то что знаю по честному Акча албай откоргон экзаменден, кобу ушул эжекени сабагына катышчу себеби эчким буткоро албачу, может акчага муктаж эмес беле эчким билбейт, Эми болсо башаламандыкты уюштурду деп айыпташып атат, кылган болсо жазасын алат, а дегенибиз менен даже Атамбаев чыгып кетти муну ищи оной эле экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан