Нарында өзгөчө кырдаал режими алынды

Бүгүн, 22-февралда Нарын облусунун аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымдарындагы унаа жолго кооптуулук жараткан кар көчкүлөрү өз алдынча жана мажбурлоо жолу менен түшүрүлдү.
"Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Талант Үсөналиевдин билдирүүсү боюнча аталган жол каттамынын 301-306-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайынын ичи) майда көчкү түшүү кооптуулугу дагы деле бар. Ошондуктан айдоочулар 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин сактоосу зарыл", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары Бишкек-Нарын-Торугарт жол каттамы ачылганы маалымдалды.
Эске салсак, 17-февралда Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан