Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун камакта калуу мөөнөтү 2 айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, тергөө абагында калуу мөөнөтүн 24-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алган.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрында ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгон. 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң ИИМ анын кармалышы боюнча маалымат берген.