Бишкекте чет элдик жаранды тамашага салган пранкер кечирим сурады (видео)

Бишкек шаарында чет элдик жаранды тамашага салган тиктокер Асхат Омуров коомчулуктан кечирим сурады.

"19-февралда Чүй-Абдрахманов көчөсүндө чет элдик жаранды тамашага салган пранкыман кечирим сурайм. Коомчулукка терс таасирин тийгизген видео тарап кетти. Анда башка дагы жаман пранктарым болсо кыргыз элимден кечирим сурайм. Экинчи кайталанбайт", - деди ал.

Буга чейин Асхат Омуров аттуу тиктокчунун Бишкектин чок ортосунан чет элдик жаранды тамашага салгандагы видеосу тараган. Бул видео коомчулукта нааразычылык жараткан. Кийинчерээк Свердлов райондук ички иштер бөлүмү SUPER.KG порталына тиктокчу милицияга жеткирилгендигин билдирген.

Тиктокчу элден кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан