Новосибирсктеги ооруканада Кыргыз жараны көз жумду

Орусиянын Новосибирск шаарында турак жайдагы жарылуудан жаракат алган Кыргыз жараны көз жумду. Маалыматты ТИМден кабарлашты.

Кабарга ылайык, окуя 9-февралда Новосибирск шаарында болгон. Анда көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан улам Кыргыз жараны А.К.нын бел омурткасы сынып, Я.Л.Цивян атындагы травматология жана ортопедия институтуна (НИИТО) жаткырылып, операция жасалган.

21-февралда ал реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитациялык борборуна которулган. Бирок 24-февралда ал тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан А.К. ооруканада көз жумган.

"Кыргыз диаспорасы менен биргеликте «Жүк-200дү» Кыргызстанга жөнөтүүдө маркумдун жубайына жана туугандарына Башкы консулдук тараптан ыкчам жардамдар көрсөтүлдү.

Маркумдун жашы жете элек эки баласына Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөрү берилди", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 25-февралда каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү Новосибирск шаарынан Ош шаарына Сибирь (S7) авиакомпаниясынын рейси менен жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 10-февралда Новосибирск шаарында турак жайдагы жарылуудан Кыргызстандын эки жараны жабыркаганы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан