Биз социалдык тармакта

Новосибирскте көп кабаттуу үйдүн жарылуусунан эки кыргызстандык жабыркады

Орусиянын Новосибирск шаарында турак жайдагы жарылуудан Кыргызстандын эки жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 9-февраль күнү эртең менен Новосибирск шаарында болгон. Анда 1974-жылы курулган беш кабаттуу үйлөрдүн газ жарылуусу болгон. Натыйжада Кыргызстандын эки жараны – 1993-жылды туулган А.уулу Т. жана 1978-жылы туулган А.А.К. жабыркаган. Ал ошол турак үйдө ижарага алган батиринде жашачу.

А.уулу Т. газга ууланган. Анын абалы орточо оор деп бааланууда. Ал Новосибирск шаарынын 34-шаардык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

Омурткасы сынган А.А.К. Я.Л.Цивян атындагы Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, ага операция жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан