ЖЫЛНААМА: Ырчы Бегимай Бекбоева көзү тирүү болгондо 33 жашка чыкмак

Бүгүн, 27-февралда маркум ырчы Бегимай Бекбоева көзү тирүү болгондо 33 жашка чыкмак. Бул ирет SUPER.KG порталы ырчыны эскерүү иретинде анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу материал даярдоону туура көрдүк.

Бегимай Бекбоева 1990-жылдын 27-февралында Нарын шаарында туулган. Алгачкы жолу сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан. Ырчы бир нече тасмаларга тартылган. Ал алгач ирет актёрлукка болгон тушоосун “Кылмыш” тасмасында кескен. Анда Бегимай Бекбоева тоскоолдуктарды кыйналбай жеңип, ролун мыкты жаратууга жетишкен. Кийинчерээк Айбек Карымов режиссёрлук кылган “Эгиз тагдыр” тасмасында терс каарман Айкыздын ролун аткарган.

Бегимай Бекбоева интервьюларынын биринде: "Кээ бир ырчылар 10 күн гастролдосо эле чарчап кетишет. Мен, тескерисинче, үйдө отурсам жүдөп кетем да, атама "гастролго чыгалычы" дей баштайм. Бир чыкканда 3 айлап жүрө берем. Кыш мезгилинен башка убакта тынбайм. Мен барбаган жер түштүктө эле калды окшойт. Буюрса, жаз башталары менен түштүктүн айылдарын бүтүн кыдырайын деп жатам. Калган аймактарда менин үнүм жаңырбаган айыл калган жок. Барган жериме кайра бир жылдан кийин барам. Кыскасы, мени Бегимай Бекбоева кылып элге тааныткан гастроль болду", - дегени бар.

2017-жылы ырчы "Сүйүүмдү таптым, жакында турмушка чыгам, сөйкө салып кетишти. Кайненем мени жактырып сүйүнүп жатат" деп жеке турмушунда боло турган өзгөрүүнү жар салган.

2019-жылы дарыгерлер ырчынын баш мээсинде шишик бар экенин аныкташкан. Ошол эле жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда башына операция жасалып, шишикти алып салышкан.

Ошол эле жылы Бегимай Бекбоева турмуш жолуна узаган. "Жолдошум Лейлектин кулуну болот, экөөбүз теңбиз. Жазында баш кошуп, тууган-урукка чакан той бергенбиз. Учурда наристе күтүп жатабыз. Жолдошум жеке жашообузду элге жарыялоону каалабайт. Мындан улам турмушка чыкканымды жакындарыма гана айткам. Бирок көптөгөн күйөрмандарым "эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?" деп тынчсызданып жатышкандыктан, кыскача маалымат берип коюуну туура көрдүм. Кудай буюруп, аман-эсен көз жарып алсам, анан чыгармачылыкка киришем. Жолдошум, кайын журтум чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганыма каршы эмес. Көз тиет деген ырым бар эмеспи, андыктан көз жарганча наристе тууралуу кенен маалымат айтпай туралы деп чечтик",- деген ырчы.

2020-жылдын 22-март күнү тун наристесин жыттап, эне болуу бактысын сезген.

Ырчы "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталына берген акыркы маегинде алгач ата-энесинин ажырашуусу, кийин өзүнүн ажырашуусу, депрессиядагы абалы жана башкалар тууралуу айтып берген.

Тилекке каршы, ушул жылдын 17-январында ырчы жүрөк оорусунан улам өмүрү менен кош айтышты. Артында чырактай уулу, ата-эне, бир туугандары жана албетте, күйөрмандары калды.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты дагы бир ирет ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан