Экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусу: Курманбек Бакиев билдирүү жасады

Качкын президент Курманбек Бакиев экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу үн катты.

Социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүдө Бакиев Садыр Жапаровдун бул демилгесин колдогонун баса белгиледи.

"Бул демилге Жапаровдун саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт.

Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик. Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду", - деген Бакиев.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан.

Мамлекет башчысынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazana
2023-02-28 10:06:00
Обоо эртен атамбаев чыгат экенда эми мындай болгон деп. Бири бирин чукумай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан