Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган эркектин абалы оор. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ал денесинин 80 пайызынан күйүк алган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февралда саат 15:50лөр чамасында Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылганы тууралуу милициядан билдиришкен.
Ал жарандын 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. экени аныкталган. Ал оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.