Бишкекте коомдук транспортторго жол кире азырынча жогорулатылбайт. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 1-марттагы маалымат жыйында билдирди.
"Жол кирени кымбаттатуу боюнча токтом долбоорун чакыртып алдык. Шаардык кеңештин депутаттары менен дагы сүйлөштүк. Себеби эл нааразычылыктарын айтып, социалдык тармактарга жаза башташты. Ошондуктан этап менен көтөрүүнү туура көрдүк. Азыр тарифти көтөргөн жокпуз", - деп билдирди мэр.
Ошону менен катар мэр автобустар менен троллейбустарга накталай эмес төлөмгө өткөрүү бүгүнкү күндүн талабы экендигин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин, 2023-жылдын 25-январында Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы калаадагы коомдук транспортторго жол кире тарифин өзгөртүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койгон болчу. Анда жол акы автобус жана троллейбустарга 15 сомго, кичи автобустарга 21 сомго көтөрүү сунушталган.