Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы калаадагы коомдук транспортторго жол кире тарифин өзгөртүүнү пландап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:
- троллейбуста - 15 сом;
- менчик түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 15 сом;
- менчик түрүнө карабастан чакан жана өзгөчө класстагы автобустарда – 21 сом;
- менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:
Менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы экспресстик автобустарда:
Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр - 10 сом.
1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:
Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын иш жүзүндөгү өздүк наркы киргизилет.
Шаардык каттоосу бар, Бишкек шаарынын жарандарынын төмөндөгүдөй категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, жарандардын акысыз жүрүүгө укугу бар, транспорттук картанын ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлгөн жеке транспорттук карта саналат.