"Президентти сизге тапшырдым". Түлөбаев менен Иманалиев кайым айтышты (видео)

Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев билим берүү министринин кызмат ордуна талапкерлиги каралып жаткан Каныбек Иманалиевге көлдүн аксакалдарына дагы бир ирет кайрылууну сунуштады.

Анын пикиринде, Каныбек Иманалиевдин министрликке баратканы президент Садыр Жапаровдун жаңы саясатынын белгиси.

"Бул киши келсе Түркмөнстан болосуңар деген эки киши Европадагы эки өлкөдө элчи болуп отурат. Президенттин "Кечиримдүү бололу, өкмөттө саясий ар түрдүүлүк болсун, саясий күчтөр менен сүйлөшкөнгө даярмын" деген сөзүнүн акыбети мына - "Ата-Мекен" партиясынын өкүлү министр болгону турат. Каныбек Капашович, Ысык-Көлдүн аксакалдарына ушул жерден бир кайрылып койбойсузбу", - деди Түлөбаев.

- Иманалиев: Аксакалдар коомунун төрагасы Каптагаев менен да, Садыр Нургожоевич менен да буга чейин сүйлөшкөнбүз. Ал экөөбүз (ред: Садыр Жапаров) 10 жыл чогуу иштешкенбиз. Президент Жапаров менен болсун, Ысык-Көлдүн аксакалдары менен болсун бир да маселе жок. Ортодо чыга калып эле президентке кошомат кылып, көрүнөйүн дегендер бар. Ал буга чейин да болгон, мындан кийин да боло берет. Мага ишеним артып, чоң тармакты берип жатканы, президенттин кек сактоо, таарыныч деген нерселерден мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгондугунан кабар берет. Эң сонун жоопту мен эмес, Садыр Жапаров берди.

- Түлөбаев: Сиз убагында Каптагаевге кайрылдыңыз беле? Сиз шайлоо убагында ага эмес, көлдүн аксакалдарына кайрылып...

- Иманалиев: Эми сиз билим берүүгө байланыштуу...

- Түлөбаев: Айтышпаңыз, мен сизге сөз бере элекмин. Азыр сиз депутат эмессиз, мен депутатмын. Сиз аткаруу бийлигинен бараткан киши катары сабырдуу болуңуз. Биз бул жерде бири нерсени такташып жатабыз.

- Иманалиев: Мен сабырдуумун. Сиз тема боюнча суроо бериңиз.

- Түлөбаев: Убагында Ысык-Көл элине кайрылгансыз, мен ошол элден шайланып келген депутат катары сизге суроо берип жатам. "Азыр аксакалдарга эмне деп кайрылат элеңиз?" деп. Же мен сизге жаман сөз айтып жатамбы?

- Иманалиев: Президент жооп берди. Мен ага комментарий бербейм.

- Түлөбаев: Мен президентке кайрылган жокмун, сизге кайрылып жатам.

- Иманалиев: Муну сиз улам эле саясатка бурайын деп жатасыз. Кыргызстандын президенттерин дайыма кошоматчылар бузуп келген. Биз ошолордон президентти коргошубуз керек, мен ошолордон коргоюн деп баратам.

- Түлөбаев: Эми мен күнөөлүү болуп калдым, көрдүңөрбү? Мен начар экенмин, мейли начар боло берейин. Сиз коргоп бериңиз, сизге тапшырдым. Рахмат, ишиңизге ийгилик!

Андан соң эл өкүлү Мирлан Самыйкожо сөз алып, кесиптештерин "камчыны чапканда, абайлап чабууга" чакырып, эртең да башка күн, башка өңүттөр бар экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 01.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан