Сузактагы окуучунун өлүмү: Билим берүү министрлиги билдирүү таратты

Билим берүү жана илим министрлиги Сузакта 15 жаштагы окуучу сабалып каза болгону боюнча билдирүү таратты.

Мекеме билдиргендей, 1-мартта Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары ортосунда сабак бүткөндөн кийин болгон окуя боюнча учурда Сузак РИИБи тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

"Министрлик тарабынан Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө мектептерде ата-энелер менен биргеликте тарбия иштерин жакшыртууну, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Сузакта 9-класстын окуучусу 10-класстын окуучуларынын ур-токмогунан оор жаракат алып, каза болгондугу маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-03-02 14:48:00
Неге....?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан