Битир-садака кимге, качан берилет? Муфтияттын өкүлү жооп берет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2023-жылы битир-садаканын өлчөмү 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) деп бекитилди. Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Битир-садака деген эмне? Аны кимдер берет? Битир-садаканын пайдасы тууралуу соболдор менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуровго кайрылып жооп алдык.

Битир садака деген эмне?

Битир - орозо айында ар бир мусулман пендеси бере турган садака. Битир-садака берүү мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Орозо кармаганына же кармабагандыгына карабастан, мусулман үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн битир берүүсү зарыл.

Битир-садаканын өлчөмү - 1 килограмм 600 грамм буудай, 1 килограмм 600 грамм мейиз, 3 килограмм 200 грамм арпа, 3 килограмм 200 грамм курма (бул муфтият тарабынан белгиленет) көлөмүндө же алардын баасын чыгарып берет.

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 23-мартта башталат.

Битир-садаканы кимдер берет?

Битир-садака ар бир жанга берилет. Керек болсо курсактагы балага деле берсе жакшы болот. Наристенин амандыгын, саламат болсо деген жакшы тилек, ниеттер менен жандан садака болуп эсептелет. Анын өлчөмү арзыбаган эле сумманы түзөт.

Битир-садака кимге, качан берилет?

Битирдин эсебинен негизинен колунда жок жакыр, жетим-жесир жана багар-көрөрү жок адамдарга жардам берилет. Андан сырткары илим талап кылып жүргөн, медреселерде окуган, Куран окуган кишилерге дагы берсе болот. Бизде көп жылдан бери битир-садака чогултуу тартипке салынып калган. Ал мечиттерде чогултулат. Анын 50-60 пайызы жергиликтүү аймактагы муктаж жарандарга берилип, калганы медреселерге, муфтият, казиятка жардам сурап арыз менен кайрылган жарандарга берилет. Муфтият аманатты тиешелүү адамдарга жеткирип берүү гана жоопкерчилигин алат. Битир-садака эч качан көпүрө оңдогонго же китеп басып чыгарууга колдонулбайт.

Жарандар битир-садаканы мечиттерге эмес, жакыр үй-бүлөлөргө өзүлөрү берсе болобу?

Муфтиятка сөзсүз түрдө бирилсин деген маселе жок. Муктаж адамдарды билсе, (аны тааныйбы же тааныбайбы айырмасы жок) ага берсе болот.

Орозо кандай учурда бузулат? Ооз жапкан соң тиш пастасын колдонсо болобу? Муфтияттын өкүлү менен маек.

Битир-садака берүүнүн пайдасы

Битир-садака ар бир жандын амандыгы үчүн берилет. Садака - бул жамандыкты кайтарат дейт. Адам башына келе турган кырсык же жамандык болсо, садака аркылуу кайтат.

Айт намазы окулгандан кийин битир-садака берилсе, анда садаканын эсебине өтпөй калат. Демек, ага чейин бериш зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан