Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Алимжанов социалдык тармактагы баракчасына кесиптеши Жаныбек Абировду колдоо пикирин жарыялады.
"Болгон окуяны актай албайм. Окуя үчүн жабырлануучунун апасынан, жакындарынан жана жалпы кыргыз элинен кечирим сурайм. Кечиримдүү бололу. Азыр башкысы жабырлануучу жана биздин коомдун кечиргени", - деген эл өкүлү.
Ошондой эле ал кесиптеши жана анын командасы өлкөнү өнүктүрүү боюнча креативдүү жана инновациялык чоң пландары бар экенин белгилеп өткөн.
"Биз перспективдүү жаш саясатчыны бир катачылыгы үчүн сындарып албашыбыз керек. Анын дагы жакшы жактары көп. Биз аны билебиз. Ыйык Орозо айынын алдында баарыбыз бири-бирибизди кечирсек туура болот деп ойлойм. Биз баарыбыз адамбыз жана баарыбыз ката кетиребиз. Эл уулун кечирет деп ишенем!" - деген ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылган болчу.
Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.
Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровго депутат катышкан мушташ боюнча маалымат берилгенин билдирген. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын маалымдаган.