"Түшүнүп турам, кечирим сурайм". Жаныбек Абировдун интернет колдонуучуларга берген жооптору

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу болуп өткөн окуя тууралуу үн каткандан кийин аны колдогондор дагы, жемелегендер дагы чыгууда.

Өз кезегинде депутат аны жемеге алгандардан дагы, колдогондордон дагы кечирим сурап жатат

"Эми түштөн кийин туура эмес, ал адам майып болуп калышы дагы толук мүмкүн. Сиздин балаңызды бирөө урса кандай болмок? Сотко чейин жетип ызы-чуу болмок. Ушунчалык мушташкыңыз келип жатса спорт залга барыңыз да, бардык депутаттарга көө болду", - деп жазды интернет колдонуучу.

"Чоң күнөө моюнумда бар экенин түшүнүп жатам", - деп жооп берди ага Абиров.

"Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста" деген ушул. Бул жоругуңуз менен буга чейин кылган бардык жакшы иштериңизге күмөн жараттыңыз. Мынчалык эмоцияга алдырбашыңыз керек эле. Элдин сизге болгон ишенич, үмүтүнө көлөкө түшүрдүңүз", - деп жазды дагы бир колдонуучу Жаныбек Абировдун билдирүүсүнүн астына.

"Эмоциямды кармашым керек эле, кечирим сурайм" - деп жооп берди бул билдирүүгө Жаныбек Абиров.

Дагы бир интернет колдонуучу депутат жоопко тартылышы керектигин жазды.

"Кечирим сурайм, түшүнүп турам", - деп жооп берди Абиров ага дагы.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылган болчу.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.

Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровго депутат катышкан мушташ боюнча маалымат берилгенин билдирген. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан