Кызматтан кеткен мурдагы экология министри Динара Кутманова үн катты. Ал өлкөдө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин түзүү чоң жетишкендиктердин бир болгонун баса белгилеген. Мындай маанидеги билдирүүнү ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыялаган.
"Бул Кыргызстандын элинин азыркы жана келечектеги кызыкчылыгын чагылдырган маанилүү чечим. Жаш министрликти түзүү, чыңдоо жана өнүктүрүү узак жана ырааттуу ишти талап кылат. Мен бул ишке салым коштум. Бул тармакка келгенимде, мындагы системалык коррупцияны көрүп үрөйүм учту.
Биринчиден, мен бөлүмдүн ичиндеги саботажга туш болдум, ал өзгөртүүлөргө тоскоол боло баштады, анткени алардын көбү бул жерде көп жылдар бою иштегендиктен түзүлгөн коррупциялык схемаларга эрксизден тартылышкан.
Мен каардуу системага каршы күрөштү баштадым жана буга чейин да көп иштерди жасадым. Бул күрөш уланат деп ишенем. Министрликтин ар бир кадамы жаратылышыбыздын, келечек муундардын жыргалчылыгына багытталсын!", - деди Кутманова.
Эске сала кетсек, кечээ,15-мартта Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Мелис Тургунбаев дайындалган.