Депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташ кандай башталган? (видео)

Интернетте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ башталар алдындагы видео тарады.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылган болчу.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.

Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровго депутат катышкан мушташ боюнча маалымат берилгенин билдирген. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын маалымдаган.

14-мартта Башкы прокурор парламентке Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама жөнөткөн.

Ал эми кечээ, 15-мартта жабырлануучу тосмо арыз жазып анын Жаныбек Абировду кечиргени айтылды.

Депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташ алдындагы видео жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан