Майрамдын рецептти: Нооруз майрамына башкы ашпозчу менен даярдык

Чоң апам мени жаз майрамы Нооруздун кулинардык салттары менен тааныштырды. Ал мага тамак жасоого болгон сүйүүмдү гана жаратпастан, эксперимент жасоого жана ар бир рецептке жаңы нерселерди алып келүүгө үйрөттү. Мен ашпозчу болуп чоңойгом, бирок анын майрамдык рецепттерин ушул күнгө чейин колдонуп, өзүмдүн оюмча чечмелейм.

Мисалы, боорсок камыры үчүн мен жумуртканын сарысын гана колдоном – мындай ыкма менен камыр өзгөчө назик жана үлпүлдөк болуп чыгат, мен тамакты каймак кошулган сарымсак соусу менен берем. Бул жылы мен камырга майдаланган бадам жана өрүк толтуруу менен эксперимент жасагым келет жана десерт даамдуу болушу үчүн ром соусу менен бергим келет.

Жаңы рецепттерди түзүүдө даамдардын жана жыттардын айкалышы маанилүү роль ойнойт. Тамак жасоонун ортосунда тамеки чегет элем, бирок кийимиме жана колума ачуу жыт калтырчу, аны кетирүү кыйын. Мага альтернатива катары азыр IQOS. Демек эми көңүлүмдү өзүмдүн сүйгөн ишиме коё алам.

Боорсоктон тышкары Ноорузда чоң энемдин эң жакшы көргөн тамагы болгон жумшак-этти чийки май, пияз, сарымсак, күрүч, жусай салынган козу этинен бышырам. Жыл сайын мен татымалдардын жаңы комбинацияларын жасайм - ачуу татымалдар, имбирь, зире. Бул менин маанайыма жараша тамактын даамын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. «Жумшак эт» тамагын мен куурулган редиска, бышырылган болгар калемпири, маринаддалган пияз жана буурчак менен берем.

Майрамдык дасторконду эң негизги тамак - Нооруз көжөсүз элестетүү мүмкүн эмес. Көжө чоң энелер үчүн келе жаткан жаздын символу болгон. Рецепт жөнөкөй, бирок кулинардык эксперименттерге кандай мүмкүнчүлүктөр бар! Бардык кошулмаларды кезеги менен кайнатып, аралаштырыңыз: эт, май, күрүч, буурчак, арпа, буудай, жүгөрү, талкан, таруу, сорго, жашылча жана татымалдарды. Андан кийин жай отто кайнатыңыз. Бай жана жыпар жыттуу шорпо үчүн биз сүрсүгөн этти, ошондой эле жаңы жана ышталган жылкынын этин кошобуз. Аягында нооруз көжөгө туздуу-каймак даам берүү үчүн майдаланган курутту колдонобуз. Бул тамактын сыры ушул – майдаланган курутта. Акырында айтаарым, байкашымча, көжөнү жылдан жылга ошол эле рецепт менен жасасаңыз да, нооруз көжө жаңы даам берет. Себеби сен өзгөрөсүң, а жаз жыл сайын кайталангыс өзгөчө.

Нооруз майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан