Ленин районуна Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды

Жогорку Кеңештин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетине шайлоону өткөрүүгө каражат бөлүп берүү, ал эми БШКга уюштуруу иштери тапшырылды.

Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан