Бүгүн, 30-мартта борбордогу троллейбустар таңкы текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте рейд өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, салондогу камералар, аялдамаларды жарыялоочу үн коштоолор, трафареттер текшерилди.
Жетекчи 24 сааттын ичинде оңдоого муктаж троллейбустарды оңдоону тапшырды. Санитардык талаптарга жооп бербеген троллейбустар жеринде жууп-тазаланды. Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү.
Мындай текшерүүлөр башкармалыкта айына эки жолу жүргүзүлөт.
Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.