Ош облусуна караштуу Озгур айылында жеңил унаа Увам каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Унаанын ичинде эки адам болгону кабарланды.
"Жерине төрт куткаруучу тартылып, эки адамды суудан аман алып чыгышкан", - деп айтылат билдирүүдө.
Кырсык айдоочу рулду башкара албай калганынан улам болгон.