Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын "T'way Air Co., Ltd." авиакомпаниясы июнь айында Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат.

"Жаңы багыт боюнча биринчи каттамдын болжолдуу датасы 11-июнга белгиленген. Сеул шаарына авиакаттамдар аптасына бир жолу аткарылары күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул саамалык ишке ашса "Манас" эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борбор шаарына туруктуу каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан