Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциясы өттү.
Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.
Анын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.
Азамат Ногойбаев акциянын алкагында журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, буга чейинки билдирүүсү боюнча комментарий берди.
"Мен өз билдирүүмдө жашы жете элек өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес. Болгону өспүрүмдөр үйүнөн чыгып кетип, сексуалдык зомбулукка кабылган фактылар бар экенин жана эч ким жазасыз калбай турганын айткам. Мен "өздөрү" деген сөздү ката айтып алдым. Туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм", - деди ал.