Республикада мас айдоочулардын саны 76 пайызга кыскарды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кабарлангандай, акыркы бир жума ичинде республика боюнча мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу аныкталды. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 237 мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталган.
Буга 8-марттан тартып күчүнө кирген катаал жазалар себеп болуп жатканы кошумчаланды.