"Ар кандай жолун кылдым". Бишкектин мэри шаардыктарга өтүнүч менен кайрылды

Бишкек шаарынын жашоочулары ишембиликке чыкпай жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

"Учурдан пайдаланып шаардыктардан суранып кетет элем, шаардыктардын жардамы сөзсүз керек. Мына, ишембилик болгондо биз чыгара албай жатабыз. Мен ар кандай жолун кылып көрдүм, акимдерге тапшырма бердим, муниципалдык аймактык башкарууларды чогулттум, жеке дагы сүйлөштүм. Бирок ишембиликке таптакыр чыкпай жатышат.

Өзүнүн короосу таптаза, калган жагы каралбай калган", - деди Абдыкадыров.

Ошондой эле шаар мэри эл шаарга болгон мамилени дагы өзгөртүшү керектигин айтты.

"Өткөндө бир сейил бакта басып жүрсөм, сонун отургучтун жанына семичканы чагып, таштап кетишиптир. Бул таптакыр сыйлабагандык да. Ошол адамдын атасы же апасы, байкеси эле тазалайт да ошол жерди", - деди Абдыкадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан