Жалал-Абадда үйгө чагылган түштү. Үйдө эгиз балдар болгон

Жалал-Абад облусунун Кара-Инген айылындагы турак үйгө чагылган түштү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү таңкы саат 04:15тер чамасында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кеткен. Турак үй өрттөнүп жаткан учурда 13 жаштагы Б.А. жана Б.Э. аттуу эгиз балдар жана А.М. аттуу бала терезеден качып чыгышкан.
"Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылды. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган", - деп билдиришти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан