УКМКнын маалымат кызматы Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалышы боюнча маалымат таратты.
Анда ал УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. Кечээ, 17-апрелде "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Урмат Самаев колго түшкөн. Учурда ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Урмат Самаев кармалгандыгын билдирген.