Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Урмат Самаев кечээ, 17-апрель күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, анын кармалышы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу.
14-апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче бир катар үйлөр Токмок шаарындагы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталып, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.