Бүгүн, 19-апрель күнү Бишкектин Октябрь райондук сотунда Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат.
Ал өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин айтты. “19 үйгө 135 миллион сом коюп жаткандыгы кейиштүү болуп турат. Мага 25 миллион сом коюп жатат. Үйлөр 2016-2017-2018-жылдарда кошулган экен. Ал убакта башкалар иштеген да. Менин кандай күнөөм болушу керек?”, - деди ал.
Эске сала кетсек, Урмат Самаев 17-апрель күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, анын кармалышы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу.
14-апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче бир катар үйлөр Токмок шаарындагы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталып, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.