"Манас" аэропортунун трассасында катталган жол кырсыктан жабыркаган 19 бала №3 Балдар ооруканасына түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Айтымында, 4 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.
"Биздин ооруканага жалпы 19 бала келип түштү. Алардын ичинен 14 бала нейрохирургия бөлүмүнө, 1 кыз травматология бөлүмүнө, 4 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Баарына өз убагында жардам көрсөтүлдү" деди башкы дарыгер.
Буга чейин "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдогу үрөй учурган кырсыктын
чоо-жайы белгилүү болгон.