Теңгиз Бөлтүрүктүн иши: Мамлекетке келтирилген зыяндын 80 пайызга жакыны кайтарылды

Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлер мамлекеттин казынасына 844 миллион 512 миң 858 сом кайтарды. Маалыматты Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ага ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

"Учурда келтирилген зыяндын 80 пайызга жакыны, тактап айтканда 844 миллион 512 миң 858 сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттер жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Маалымат үчүн: 30-апрелде Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура былтыркы жылдын сентябрь айында "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги үчүн аталган ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан