Бажыдагы коррупция. Эл өкүлү Надира Нарматованын уулу кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалымдалгандай, шектүү катары кармалган А.Н. Бажы тариздөө тобунун башкы инспектору болуп иштеген.

Ал Оштун Кара-Суу районунда кармалып, Бишкекке алып келингени айтылат. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү 22-майга чейин камакка алынган. Маалыматка караганда, депутаттын уулу башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын маалымат кызматы Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажычылар менен ишкерлердин кармалганын билдирген.

Анда мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгени белгиленген. Кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар экени айтылган. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан