Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган 64 жаштагы жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматында шектүү кылмыш жасаганын моюнуна алганы айтылат. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ал эми анын үй-бүлөсү айылдан чыгарылып, Бишкекке көчүп кеткени буга чейин кабарланган болчу.
Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде Нарын районунун Орто-Нура айылында 7 жаштагы Аруукенин жансыз денеси табылган. Ал ушул эле күнү саат 12:00 чамасында окууга кеткен боюнча кайра үйүнө кайтпай калган. Анын жансыз денеси айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдөн кечки саат 22:10до табылган. Анын сөөгү 29-апрелде жерге берилди.
Аталган кылмышка шектелип ушул эле айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалган.