Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеште Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча добуш берүү жүрүүдө. Анда алгачкылардан болуп сөз алган депутат Адахан Мадумаров акыйкатчы келип эмне себептен кызматтан кетиши керек экенин айтып берүүсүн айтты.
"Көпчүлүк кандай чечсе ошондой кете берет. Бирок мыйзам деген бар, регламент бар. Кызматтан кетүүдө анын жүйөлүү себептери болушу керек. Себептери айтылышы керек. Азыр эми статьяга шилтеме берип, убагында аткарылган эмес деп жатасыңар. Эгерде азыр Жогорку Кеңеш унчукпай туруп добуш берип койсок биз дагы сабатсыздыгыбызды көрсөтөбүз.
Биз дуулдап аны 2-мартта шайлап бергенбиз. Биз акыйкатчыны чакыралы, угалы. Себептерин угуш керек. Бир фракция бошотсун десе бошотуп коюп, ал эми биздин фракция өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча киргизген чечимибизди четке кагышты. Мына ошол азаматтар чыксынчы трибунага, суроолорубузду берейин", - деди Мадумаров.