Транспорт министрлиги бош кызмат орундарына сынак жарыялады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бош кызмат орундары үчүн борбордук аппараттын кадрлар резервине ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда төмөндөгү кызмат орундары бош:

  • Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн улук инспектору, инспектору (иштеген жери Ош, Жалал-Абад облусу);
  • Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө секторунун башчысы;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (мамлекеттик тил боюнча);
  • Маалыматтык саясат секторунун башкы адиси;
  • Бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук бөлүмүнүн адиси.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • форма боюнча жеке арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат. Сынак боюнча кошумча маалыматтар шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан