Бүгүн, 4-майда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Анын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого даярдыктар жана «Бишкекасфальтсервис» мекемесинин ишмердүүлүгү талкууланды.
«Бишкекасфальтсервис» мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаевдин айтымында, 2022-жылы 4 миң 915 погондук метр тротуар оңдолуп, 904 жол белгиси жана 4 аялдама комплекси орнотулган. Аба ырайынын жылышы менен 5 көчөдө тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жанданды.
Кеңешменин жыйынтыгында мэр «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсына жер жумуштарын ыкчам жүргүзүүнү, ал эми район жетекчилерине бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле акимдерге жылуулукту газга өткөрүү боюнча шаардыктар арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
«Бишкек жашыл чарба» МИсине борбор калаанын жашыл аймактарын көрктөндүрүү, сугаруу жана багуу боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү милдеттендирилди. «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесине Аламүдүн, Ала-Арча жана БЧК сууларынын жээктерин жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо тапшырылды.
Ал эми мэрдин орун басарлары Жыргалбек Шамыралиев менен Нурдан Орунтаевге сейил бактардагы ажатканаларды бир айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.
Райондун акимдерине курулуш компаниялары менен биргеликте таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн аянтчаларды уюштуруу, бардык шаардык кызматтарга 2023-жылга карата иштердин титулдук тизмелерин бекитүүнү тездетүү тапшырылды.