Бүгүн, 4-майда Азиянын төрт, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси кыргыз элинин сыймыктуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 30 жашка толду.
Айсулуу Тыныбекова ата-энесинин жумушуна байланыштуу 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Балалыгы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында өткөн. Атасы Болот Тыныбеков менен апасы Гүлпар Тыныбекова медицина кызматкерлери. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Айдана, Асел аттуу эжеси, Медер аттуу байкеси жана Темирлан аттуу иниси бар.
Балбан кыздын балалыгы тууралуу апасы маектеринин биринде "4 баламдын атын жолдошум койгон ушул Айсулуунун атын өзүм коём деп сурангам. Балерина Айсулуу Токомбаева биздин жеңебиз болот. Ошол жеңебиздей белгилүү, таланттуу инсан болсун деп ошонун атынан койгом. Төрөлгөндө эле болбурап жаткан жоош кыз болгон жок, тескерисинче, чыйрак, эрте торолуп, эрте тили чыгып, эрте басты. Кичинесинен эч нерседен коркпогон тың кыз болуп чоңойду", - дегени бар.
Айсулуу тыныбекова 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыгып, кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыга баштаган. Балбандын "Бала кезимде кыздарга караганда балдарга жакын өстүм. Тийишкен балдардан сөзсүз өч алчумун. Таэквондо менен машыгып жүргөндө, улуу муундагы кишилерден "Кыз башы менен үйдө эле отурбайбы" деген сөздөрдү ошондо уктум. Мектепте жакшы окучумун. Классташтар менен отурушка, кечелерге деле көп барган жокмун. Кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып, мектепти Бишкек-Кочкор жолунда аяктадым", - деген ал спортко аралашкан учуру тууралуу.
2010-жылы КМТУда окуп, машыгып жүргөндө Сабыр Рысбеков агай азыркы машыктыруучум Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Нурбек агай жаңы деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин мен үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн жакшы күрөшүүгө умтулам.
Балбан кыз машыктыруучусу боюнча "Рио-2016" Олимпиадасында күчүм жетпей калып же болбосо техникалык ыкмаларым жетпей калып эмес, буйруктун аркасы менен утулгам. Ошол учурда ар кандай сөздөр болуп, менин жан дүйнөм ооруп, чындыгында таарынгам. Ошол учурда башка өлкөнүн атынан дагы чакыруулар келип жүргөн. Мен кетейин деп оюм 50 жана 50 пайызга туруп калган болчу.
Ошол учурда машыктыруучум Нурбек Изабеков мага "Карачы, канчасы кетип жатат. Сага чейинки спортчулардын бардыгы кеткен. Сенден башка ким бар?" деген. Чындыгында анда эч ким жок болчу. Агайым мага "Айсулуу, чыда, бул күндөр дагы өтөт. Бирок сенин артыңан канча деген жаштар чыгат. Карачы, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Калмира Билимбек кызы, Сезим Жуманазарова деген кыздар келе жатат. Ошолордун сени карап турган көздөрүн таштаба" деген. Мен ойлонуп, өзүмдү-өзүм күчтөп, өзүмө сөз бергем", - деп айткан.
Айсулуу Тыныбекова спорт тармагында жүргөнүнө карабастан, назик образдары менен күйөрмандарын суктандырып келет. "Гардеробум классикалык үлгүдөгү костюмдар менен толтурулган. Классика эч качан модадан калбайт эмеспи. Тойлордо кийилчү көйнөктөр да жок эмес", - дейт ал.
4-майга карата жылнаама.