Мурдагы премьер-министрлер өкмөт үйүнө барышты (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин ар кайсы жылдары бийликтин аткаруу бутагын жетектеген экс-премьер-министрлерди Кырдаалдык борбордун иши менен таанышууга чакырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кырдаал борборунун ишке кириши менен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын электрондук инфраструктурасына кирген тутумдардын, ошондой эле өлкөдөгү ири өнөр жай ишканалардын, социалдык объектилердин курулушун, мамлекеттик чек ара жана өткөрүү пункттары аркылуу товарлардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болгонун көрсөттү", - деп жазылат билдирүүдө.

Акылбек Жапаров жүргүзүлүп жаткан реформалар, министрлер кабинетинин жакынкы келечектеги максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.

Жолугушууга Апаз Жумагулов, Азимбек Исабеков, Жоомарт Оторбаев, Кубатбек Боронов, Турсунбек Чынгышев катышты.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуунун негизги максаты – өлкөнүн өнүгүүсү жана бакубаттыгы үчүн күчтөрдү бириктирүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-05-05 19:57:00
Жегичтер чогулган тура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан