Ошто 200гө жакын байкер жүрүш жасады (фото)

Ош шаарындагы борбордук аянтта Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн "Көчмөн жолу" ( Путь кочевника ) аталыштагы мотосезондун ачылышына карата жүрүш болду. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын мотоклубдарынын 200гө жакын байкерлер катышып, өздөрүнүн мото башкаруу ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров өлкөдө мото-туризмдин өнүгүп жатканын белгилеп, катышуучуларга шаар бийлиги атынан ийгиликтерди каалады.

Мото жүрүш борбордук аянттан башталып, Ленин, Навои жана Курманжан датка көчөсү менен өтүп, Сулайман-Тоонун этегинде жыйынтыкталды.

Жыл сайын өтүп келген мындай мото жүрүштүн максаты жол коопсуздугун камсыздоону жана бул спорттун түрүн жайылтууну көздөйт.

Белгилей кетсек, иш-чара Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен "Кыргызстан мотоциклисттери" коомдук бирикмеси, "Биргелешкен мотоциклисттер" тобу жана "Байкерлер KG" сыяктуу уюмдар тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан