Президент Садыр Жапаровдун колдоосуна ылайык Нарын шаарынын 42 ички көчөсүн асфальттоо пландалып, даярдык көрүлө баштаган. Бүгүн асфальттоо иши башталганын Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, асфальттоо иши шаардын РТС аймагындагы Сыдыков көчөсүнөн башталды.
"Ички көчөлөрдүн сапаттуу жасалышына толук кандуу көзөмөл жүргүзүү үчүн мэрия атайын техникалык көзөмөлдөөчү жалдады. Бул тууралуу мэр Канболот Тутуев жол асфальттоо иши менен таанышуу учурунда маалымдап, долбоорду сапаттуу жүргүзүүгө жетиштүү көнүл бурууну белгиледи.
Ошол эле учурда асфальттоо үчүн тандалган көчөлөр түздөлүп, тапталып даярдалууда.
Калаа башчысы Канболот Тутуев Нарын шаарында ички жолдордун абалы шаардын эң чоң көйгөйү болуп келгендигин, өзгөчө жаан-чачын учурунда басууга мүмкүн болбой келгендигин айтып, оңдоого мүмкүмкүнчүлүк түзүп берген президентибиз Садыр Жапаровго терең ыраазычылыгын билдирди", - деп билдиришти Нарын мэриясынан.