Лондондо Карл III такка отуруп, таажы кийди. Ага Эдил Байсалов катышты 

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия королдугунун Королу Карл III таажы кийүү аземине Кыргызстандын вице-премьер-министр Эдил Байсалов катышты.

Байсалов бул салтанатка Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү катары катышты.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү катары Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королу Чарльз III дун таажы кийүү аземине катыштым", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Байсалов.

Кечээ, 6-майда Лондондо британ королу Чарльз III'түн таажы кийген аземи болуп өттү. Аземге жалпысынан 3000ге жакын конок чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан