6-май күнү “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская жана теле алып баруучу, блогер Екатерина Шугаева Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс оттун бир бөлүгүн Жалал-Абад шаарына алып келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлады.
Конокторду президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Андан соң “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү.
Өчпөс отту концлагердин уткуну Валентина Симоненко күйгүздү.
Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун Улуу Жеңиш майрамына карата куттуктоосун жолдоп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, жыл сайын Улуу Жеңиш майрамын утурлай Жалал-Абад шаарына Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс оттун бир бөлүгүн алып келүү жана “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексиндеги Өчпөс отту жагуу иш-чарасы өткөрүлөт.