Бишкек мэриясы шаардыктарга Жеңиш күнүндө дрон колдонбоону эскертти

Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда Бишкек мэриясы шаардыктарга дрон учурбоону сунуштайт.

"Иш-чара учурунда «Өлбөс полктун» мүчөлөрүнө техника түшүп кетүү же ушул сыяктуу оор учурларды болтурбоо үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы дрондорду колдонбоону сунуштайт", - деп билдиришти мэриядан.

Маалымдама: Дрондорду колдонуу эрежесине ылайык, эл көп чогулган жерлердин үстүнөн, жеке менчиктин үстүнөн, спорттук жана башка ири иш-чаралар учурунда учурууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан