Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Иван Решетников 57-эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан маалым болду.
Кабарга ылайык, Менделеев химия олимпиадасы 30-апрелден 7-майга чейин Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.