Боомдо чыккан өрт чектөөгө алынды

Балыкчы - Бишкек жолунун жээгинде чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат беришти.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо саат 00:30да чектөөгө алынган. Жеринде Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрттү толук өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан.
Бүгүн, 8-майда жерине таң эрте өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу, райондук токой чарбасынан 4 кызматкер жана Көк-Мойнок айыл аймагынан 3 кызматкер тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында өрт чыкканы кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан