9-майда Бишкектин айрым көчөлөрү жабык болот (тизме)

Эртең, 9-майда Бишкек шаарында бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, төмөндөгү көчөлөр саат 8:00дөн 11:00гө чейин "Өлбөс полк" жүрүшүнө байланыштуу жабык болот:

-Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү ;

-Кең Чүй көчөсү күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, С. Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жөө жүрүш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан