Токтогулда аким социалдык келишимдин негизинде ишкерлик кылган үй-бүлөлөрдү текшерди
Быйыл Токтогул району боюнча 200 үй-бүлөнүн бизнес долбоору колдоого ээ болду. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, район башчысы А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүндөгү социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн берилген каражатты кандай пайдаланып жатканы менен таанышып чыкты.
"Токтогул району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлөгө квота берилип, бүгүнкү күндө өз иштерин баштап, киреше алып жатышат. Быйыл 300 квота берилсе, 1-майга карата 200 үй-бүлөнүн бизнес долбоору колдоого ээ болгон. Анын ичинде: мал чарбачылык, тигүүчүлүк, автоунаа оңдоочу жай, бал аарычылык, курут жасоо, канаттууларды багуу, дыйканчылык, кожогат өстүрүү, электр тегирмен иштетүү, темир устакана, кондитердик цех, биогумус багуу жана башка.
Социалдык жардам алган үй-бүлөлөргө айыл өкмөттөрү жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан түшүндүрмөлөр берилип, көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп турат" деп жазылат маалыматта.
Мекемеден бардык айыл өкмөттөрүндөгү социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынарын айтышты.