Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарынын Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасында Коргоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Согуштун, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү катышты

Иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согушта салгылашууда курман болгон жоокер-куткаруучунун эстелигине гүл коюп, баатырлардын элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан